Антонина Шевченко мушташты жеңип, UFC беттешине жолдомо алды

Спорт

Бишкек, 27.06.18./ Кабар/. Ultimate Fighting Champiоnship (UFC) президенти Дана Уайт Антонина Шевченкого келишим түзүү сунушун киргизди. Бул тууралуу спорттук уюмдун социалдык түйүндөгү расмий баракчасында маалымдалат.

Кечээ Лас –Вегаста (АКШ) Дана Уайттын –Dana White s Tueday Night Cоntender Series турнири болуп , анда негизги кармаш Кыргызтандык Шевченко менен АКШнын спортчусу Жамелин Ниверанын ортосундагы болгон. Шевченко техникалык накаут жасап, ишенимдүү түрдө жеңишке жеткен.

Жыйынтыгында Кыргызстандык спортчу UFC менен келишим түзүүгө мүмкүндүк алган.