Американын Алабама штатында болгон торнадо 22 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө

Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Американын Алабама штатында 3-мартта болгон торнадодон улам 22 адам каза болуп, дагы 40 жакын адам ар кандай жаракат менен оорукана жеткирилди.

Бир сааттын ичинде торнадо эки аймакка жетип, бак-дарактар сынып, көптөгөн үйлөр кыйраган.

Азыр куткаруучулар кыйраган үйлөрдүн алдында калып калышы мүмкүн делген адамдарды издөө иштерин улантууда.

40 жакын адам оорукана жеткирилди. Аларын саны дагы өсүшү мүмкүн.