Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Америкалык Кентукки штатындагы Murray State University университетинин администрациясы имараттардын биринде жардыруу болгонун билдирди.
“Richmond залында жардыруу болду. Жеринде ыкчам жардам көрсөтүү кызматтары иштеп жатат. Окуя болгон жерге жакын келбөө зарыл”, - деп айтылат университеттин администрациясынын Twitter баракчасындагы маалыматта.
WDRB телеканалынын маалыматы боюнча жардыруунун кесепетинен эки адам жабыркаган.

Булагы РИА Новости
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий