Аманбай Кайыпов жаңы кызматка дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Аманбай Кайыпов Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске сала кетсек, бүгүн Кайыпов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарындагы жаңы өкүлү дайындалган болчу.