Аманбай Кайыпов кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.