Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.