Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Эмил Жамгырчиев ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди.
Белгилей кетсек, буга чейин Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) төрагасынын орун басары болуп иштеген.