Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сакеева Алтынай Ишеновна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.