Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. "Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен эки айга камакка алынган.