Алматыдан Бишкекке туруктуу аба каттамдарды көбөйтүү пландалууда

Коом

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Алматыдан Бишкекке туруктуу аба каттамдарды көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 11-сентябрынан тарта казакстандык "QAZAQ AIR" авиакомпаниясы Алматы - Бишкек - Алматы багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз аба каттамын ачып, муну менен Алматыдан Бишкекке каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

Учуулар ыңгайлуу учак менен жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, "Air Astana" авиакомпаниясы аталган багыт боюнча күн сайын үзгүлтүксүз каттамдарды аткарат.

"Манас" аэропорту каттамдарга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.