Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Беларусь Президентин Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Александр Лукашенко Кыргызстанга келди
13/06/19 16:57 Саясат