Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Татыр айылында 11-апрель күнү саат 17:15те эки адам тоонун бооруна жөө чыгышып, кайра түшө албай калышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 18 жаштагы эркек жана 24 жаштагы кызга куткаруучулар тоонун боорунан түшүрүүгө жардам беришкен.
Жабыркагандар жок.