Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү саат 07:00дө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылында “Субару-Форестер” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен бир эркек жана бир аял киши жабыркаган.
ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды ооруканага алып кетишкен.