Алайда селден жабыр тарткан 24 турак үй жана бир дүкөн калдыктардан тазаланды

Кырсык

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Оштун Алай районунун Корул айыл өкмөтү боюнча 229 турак үй, анын ичинен 41 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-майда селден жабыр тарткан 24 турак үй жана бир дүкөн сел калдыктарынан тазаланды. Жол тейлөө мекемеси тарабынан көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле №26 А.Бекташов атындагы орто мектебинин имаратына кирген сел суулары тазаланып бүткөрүлдү.

Корул айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Алай райондук жарандык коргонуу кызматы менен биргеликте жабыр тарткан жарандардын санын жана өздүгүн такташууда.