Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында “Айыл оттору” маданият жана туризм фестивалы өтүп жатат. Фестивалды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурууда.
Иш-чара концерттик программа менен коштолууда. Ал үчүн атайын эстрада жылдыздары, комузчулар жана казактын домбура аткаруучусу Эржан Жаманкеев келген.
Фестивалда атайын коноктор үчүн колдон жасалган буюмдар сунушталган.
Иш-чаранын максаты айыл жергесинде жашаган кол өнөрчүлөрдү жана таланттарды издөө жана алардын товарларын тышкы базарга чыгарууга колдоо көрсөтүү.
Андан тышкары фестивалда аймактардагы маданият жана туризмди өнүктүрүү маселеси талкууланат.