Алай районундагы мектептердин бирине жабык спорт аянтчасы курулду

Аймак

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы №25 Э. Мурзаев атындагы мектептин жабык спорт аянтчасынын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, толук бүткөрүүгө 30 млн сом каржыланган. Спорт аянтчанын курулуш-монтаждоо жумуштары "Бая-Жан" ЖЧКсы тарабынан аткарылды.

Эки блоктон турган спорт аянтчанын жалпы аянты 1055 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык объектте кичи футбол аянтчасы, кийинүүчү жана жуунучу жайлар, ажаткана, тосмо жана көрктөндүрүү иштери каралган.