Ала-Арча суусуна түшүп кеткен 47 жаштагы жаран куткарылды

Кырсык

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Арча суусуна 47 жаштагы эркек киши кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, куткаруучулар жабыркаган жаранды суудан алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.