Ала-Арча дарыясы тазаланууда – мэрия

Коом

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ала-Арча дарыясы тазаланууда.
 Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, ишкана кызматкерлери тарабынан ошондой эле Биринчи май жана Свердлов райондорунда жайгашкан ачык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштери уланууда.


Бишкек мэриясы жарандардан магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөт