Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада Талас облусунда бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда аталган илдеттен 1 миң 63 адам каза тапты.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 613тү түзөт. Алардын ичинен 40 миң 336 киши айыгып чыкты.