Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда аталган илдеттен 1 миң 63 адам каза болду.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 999ду түзөт. Алардын ичинен 41 миң 103 киши айыгып чыкты.