Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 63 адам каза тапты.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 928ди түзөт. Алардын ичинен 41 миң 23 киши айыгып чыкты.