Акылбек Жапаров: Жашоо – күрөш, ал эми спорт – чоң күрөш

Өкмөт

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (Run the Silk road) 10-Эл аралык Ысык-Көл марафонунун ачылыш салтанатына катышып, “Спорттун элди бириктирүү, элдештирүү жана ынтымакка чакыруу жөндөмдүүлүгү абдан күчтүү. Азыр дүйнөдө адамзат ынтымакты жана тынчтыкты тилеп жатат. Ысык-Көлдүн бул миссияны аткарууда мындай дарамети бар жана абдан ыңгайлуу”- деп айтты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Марафонду кубануу менен колдойбуз, анткени спорт аркылуу алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн спортчуларды жана туристтерди чакыруу жана башкысы – “Таза суу, таза аба, таза инсан” деген ураан астында Кыргызстаныбызды таанытуу. Жашоо – күрөш, ал эми спорт – чоң күрөш. Чоң күрөштүн каармандары – эч качан өлбөйт”, – деди Жапаров.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы кыргыз спортунун тарыхындагы атактуу марафончулар, советтик марафончу, 1980-жылдагы Олимпиадалык оюндардын коло медалынын ээси, легендарлуу Сатымкул Жуманазаровду жана жөө күлүк Дарья Маслованы белгилеп өттү.

Бул марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлүп, ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат.

Белгилеп кетүүчү жагдай Ысык-Көл марафону гана Эл аралык марафондордун ичинен Борбордук Азияда “эл аралык” деген статуска ээ. Мында жеңишке жетишкен спортчулар Азия оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана олимпиада оюндарына катышуу жолдомосуна ээ боло алышат.