Акылбек Жапаров Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

Коом


Бишкек, 11.02.24./Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды.

Белгилей кетсек, учурда Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандык дарыланууда.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул күндөрү расмий сапар менен Түркиянын Анкара шаарында жүрөт.