Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат

Өкмөт

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-июнда Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында сөз сүйлөйт.

Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Маалымдама: Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.