Акылбек Жапаров Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы көрктөндүрүү иштерине катышты

Өкмөт

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Жийде-Бел айылында мөмөлүү бактарды отургузуу салтанатына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, бакчанын жалпы аянты 200 гектар болсо, учурда 8 гектар жерге бак отургузулду.

Министрлер кабинетинин башчысы бакчанын аймагына электр энергиясын өткөрүү процессин тездетип, скважинаны иштетүү жана тамчылатып сугаруу тутумун ишке киргизүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды.