Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районунун Чат айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Ачылыш аземинин алкагында дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар менен баарлашкан Нурланбек Шакиев мамлекеттин келечеги калктын саламаттыгына көз каранды экенин айтып: "Курулган ФАП жергиликтүү элдин ден соолугун чыңдоого кызмат кылсын”, - деген тилегин билдирди.
ФАПтын курулушуна каражат Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, учурда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Аксы районунда жүрөт. Шакиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.