• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Аксы районунда ири Калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Үч-Коргон айылында ири Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди.

Эскилиги жетип, колдонулбай турган мекеменин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду 21 млн сом бөлгөн. Жергиликтүү салым 1 млн сом.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, аталган жай окуу борборлору, тигүү цехи жана бир катар багыттар боюнча ижарага колдонууга берилет. Андан чогулган каражат Үч-Коргон айылын дотациядан чыгарууга жумшалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий