Бишкек, 14.09.22./Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагында, анын ичинде IT-технологиялар багытында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, туристтик потенциалды жогорулатуу, жарандардын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу байланыштарды түрдүү тармактарда өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.