Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 7 күнгө жабылды

Коом

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-июндан 8-июнга чейин Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде унаа жолунун алдынан өтүүчү түтүктөр жана түтүк көпүрөлөрүн орнотуу иштери аткарылат.

Ошондой эле жолдун негизин асфаль-бетон аралашмасын төшөөгө чейинки даярдык иштерин баштоо пландаштырылууда.

Буга байланыштуу аталган көчө менен каттаган коомдук транспорттун кыймылы өзгөрөт.

Жол оңдоо маалындагы коомдук транспорттун өзгөргөн кыймыл чиймеси сүрөттөрдө көрсөтүлдү.