• 87.4
  • 95.11
  • 1.02

Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен айылдын жалпы 3 чакырым жолун оңдоо каралган.

Азыркы тапта иштер ортодон ооп, 1,6 чакырым аралыкка асфальт басылды. Жумуштар аймакты караган №15 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий