Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнда Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жумадилла Жапаров райондогу сегиз энеге «Баатыр эне» орденин, тогуз энеге болсо «Эне даңкы» медалын тапшырган.
Район жетекчиси энелердин жашоодогу алмаштыргыс ордун даңазалап, жакшы тилектерин айтып, белектерди тапшырган.