Ак-Суунун Маман айылында дары чөптөрдү кургатуучу цехтин курулушу башталды

Аймак

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Ак-Суу районунун Октябрь айыл аймагынын Маман айылында "KOICA" долбоору менен "Маман Органик" айыл чарба кооперативи дары чөптөрдү кургатуучу цехтин курулушун баштады. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Чон Чжэ, Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

"Маман Органик” айыл чарба коммерциялык кооперативи 2021-жылдын февраль айында "KOICA" долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Кооператив "КOICA" долбоору менен тыгыз иш алып барып, айыл чарба техникаларын алып берүү жана дары-дармек чөптөрүн кургатуучу цех куруп берүү боюнча долбоор жазылып, сунушталган долбоорлор КОICА тарабынан жактырылып, колдоо таап ишке ашууда.

"КOICA" тарабынан долбоордо көрсөтүлгөн 2 даана трактор жер айдоочу сокосу менен 2022-жылы апрель-май айларында кооперативге сатып алынып берилген.

2021-жылдын декабрында долбоордун алкагында кооперативке бир даана "Портер" автоунаасы алып берилген.

Ошондой эле долбоордо көрсөтүлгөн дары-дармек чөптөрдү кургатуучу заманбап кургатуучу цехти 2023-жылдын июнь айынан баштап куруп берүү иштери башталды.

Цехти куруу үчүн "КOICA" тарабынан тендер өткөрүлүп, “Прогресс Строй” куруу компаниясы утуп, куруу иштерин баштоодо. Цехти куруу иштери ушул жылдын отябрында аяктайт.