Ак-Суу районунда 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылында жаңы М.Жусупов атындагы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана райондун активи катышты.

Белгиленгендей, аталган мектеп 375 орунга эсептелген жана бул курулушка Сауд өнүктүрүү фондунун 1,2 млн доллар бөлгөн.