Бишкектин Ак-Ордо конушунда мектептин курулушу аяктоодо

Коом

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Ак-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунун жүрүшүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конушта 750 орундуу мектеп курулуууда.

"Учурда курулуш иштерине 150 жумушчу тартылган. Жалпысынан курулуш иштери 70 пайызга аяктады, мектеп 2022-жылдын 20-октябрынан кийин өз эшигин ачат деп пландалууда", - деп белгилешти мэриядан.

Учурда ички жасалгалоо, эшик орнотуу, сырдоо, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондун башчысы жооптуу кызматкерлерге иштерди сапаттуу жүргүзүп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.