• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакча курула баштады

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бишкектин Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу болот. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метрди, ал эми жердин аянты - 0,5714 гектарды түзөт.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий