Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Учурда анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинде каралууда.
Айыл чарба министри болуп келген Эркинбек Чодуев бүгүн кызматтан бошотулган.