Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Варшавадагы күрөш боюнча “Poland Open” мелдешиндеги биринчи кармашында жеңишке жетти.
Ал россиялык балбан кыз Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алды.
Эскерте кетсек аталган мелдеш Польшанын Варшава шаарында 4-ноябрь күнү башталган. Ал 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат. Кыз-келиндер арасындагы кармаштар 6-7-ноябрь күндөрү болуп өтөт.
Аталган мелдешке Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (57 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышууда.