• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчиликти сактап калды

Спорт 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) сайтында айтылат.

Аталган рейтинг 6-8-мартта Канадада өткөн мелдештин кийин өзгөртүлгөн. Ал мелдеште АКШнын спортчусу Маллори Велте жеңишке жетип, 18 упайы менен 10-орунга көтөрүлгөн.

Айсулуу Тыныбековада 90 упай бар. Андан кийинки орунда болгариялык Тайбе Юсеин 56 упайы менен турат.

Пикир

Оставить комментарий