Айрым айылдарда суу болбойт

Коом

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. 19-октябрда 9:00дөн 16:00гө чейин борбордун айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасына таянып Бишкек мэриясы билдиргендей, “Башкара-Суудагы” оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу Орок конушунда жана Орок айыл аймагынын Сарбан, Жал, Жогорку Жал айылдарында суу токтотулмакчы.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, суунун камын топтоп алууга чакырат.