Айдоочуларга эскертүү! Өтмөк ашуусуна кар жаады

Аймак

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Бүгүн Өтмөк ашуусуна 6-7 сантиметр калыңдыктагы кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Жол ачык.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керектигин белгиледи.