Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Аба ырайына байланыштуу Сосновка пунктунда жүк ташуучу унаалар менен дөңгөлөктөрү кышкы мезгилге алмаштырылбаган унаалардын жүрүү кыймылына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Учурда Бишкек-Ош унаа жолдорунда кардын калың жаап жаткандыгына байланыштуу Төө-Ашуунун 127-128-чакырымдарында жол тыгындары орун алууда. Ага байланыштуу Сосновка , Чычкан жайларында жана Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Кызматкерлер жолдордуу атайын техникалык каражаттар менен сүрүп тазалоо жана карды эритүүчү туз өңдүү инерттик каражаттарды себүү иштерин жүргүзүүдө.