Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кар жаап, аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы айрым унаа жолдорго чектөө киргизилгенин эскертет.
Башкармалыктын маалыматына караганда, учурда төмөнкү унаа жолдоруна убактылуу чектөөлөр киргизилди:
- Каракол – Энгильчик автоунаа жолунун 38-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейинки аралыгына;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда суу кар жаап ар жерден көчкү түшүп жаткандыгына байланыштуу 45 чакырымынан 130 чакырымына чейин жол
жабык.
Азыркы учурда ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.