• 87.45
  • 98.45
  • 1.08

Айдоочу уктап кеткен. Бишкек – Торугарт трассасында кичиавтобус капталына оодарылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт трассасында 16-июлда болжол менен саат 06:20да кичиавтобустун катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Чүй облусу боюнча ЖККББнын алды ала маалыматына караганда, «ДЭУ Нексиянын» айдоочусу уктап кетип, «Мерседес Бенц-311» кичиавтобусун сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен кичиавтобустун айдоочусу жана жүргүнчү жабыркаган, алар Кемин райондук ооруканасына жаткырылды.

Пикир

Оставить комментарий