Айдарбеков Түркиянын КРдагы элчиси менен экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Саясат

Бишкек, 13.11.18 /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат менен экономикалык кызматташтыкты талкуулады.

ТИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташык кеңешинин 4-жыйынынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу талкууланды. Ошондой эле тараптар экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулашты. Андан тышкары көп тараптуу кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагында пикир алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.