Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-февраль күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Грузиянын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан) элчиси Зураб Абашидзе менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда тараптар учурдагы эки тараптуу кызматташтык жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерин талкуулашкан.
"Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууларды активдештирүү макулдашылды. Тараптар 2020-жылга пландалган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде Грузиянын тышкы иштер министри Д. Залкалианинин Кыргыз Республикасына расмий сапарын уюштуруу маселесин талкуулашты", - деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле тараптар туризм тууралуу сөз кылып, кыргыз тарап бул багытта Грузиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө, туризм чөйрөсүндөгү грузин компанияларын Кыргыз Республикасынын рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирген.