Айдай Кадырова жана Алия Шумкарбекова 2019-жылдын мыкты волейболчулары аталды

Спорт

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Айдай Кадырова жана Алия Шумкарбекова 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мыкты волейболчулары болду. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Спортчуларга сыйлыкты КРнын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев 3-февралда волейбол боюнча кыздар арасында Кыргызстандын чемпионатынын ачылыш аземинде тапшырды.

Улуттук кураманын капитаны Айдай Кадырова 2019-жылы Непалда өткөн аймактык Азия чемпионатында команданын жеңүүсүнө чоң салым кошкон. Ал классикалык волейбол боюнча жылдын мыкты оюнчусу аталды.

Алия Шумкарбекова кум үстүндөгү волейбол боюнча жылдын мыкты оюнчусу болду.