Бишкек, 4-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 28-жаштагы Аида Чоткараева Түштүк Африкада өтө турган “Дүйнө сулуусу-2017” сынагына Кыргызстандын атынан катышат.
Кыргызстандагы «Beauty Company» мекемесинин директору Рыскүл Намазбекова, “Кабар” агенттигине билдиргендей, сулуулук сынагы 28-августтан 7-сентябрга чейин Дурбан туристтик борборунда өтөт. Ага дүйнөнүн 40 мамлекетинен келген сулуулар катышат.
Аида Чоткараева “Кыргызстандын сулуусу-2016” сынагында "Кыргызстандын биринчи вице-мисси" наамын жеңип, аталган сынакка катышууга жолдомо алган болчу.
Эскерте кетсек, Аида Чоткараева актриса, модель болуп эмгектенип келет. Ал “Красотка на миллион”, “Браво” жана “У любви свои небеса” тасмаларында роль жараткан.