АФК Кубогу: Бүгүн "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Хужанд" менен ойнойт

Спорт

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында тажикстандык "Хужанд" менен беттеш өткөрөт.

Беттеш бүгүн Бишкектин борбордук стадионунда болуп өтөт.

Эскерте кетсек, өткөн шаршемби, 19-июнь күнү "Дордой" түркмөнстандык "Алтын Асыр" менен ойноп, 1:3 эсебинде утулуп калган. Беттеш Түркмөнстанда болуп өткөн.

Ошентип бир беттешинде тең чыгып, үчөөндө жеңилип, бир оюнунда жеңиштүү болгон "Дордой" өз тайпасында акыркы орунда туруп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.