Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигине барып, Азербайжандын жүргүнчүлөрдү ташыган учагынын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине, Азербайжандын кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшүү жана көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.
“Кыргызстандын министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Азербайжандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп жазды министрлер кабинетинин төрагасы.
Пикир
Оставить комментарий