Адылбек Иманалы уулу: Ветеринардык дарылардын сертификаты аны саткан ар бир дарыканада болушу керек

Коом

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан калкыбыз көбүнесе дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. Фермерлерибиз акыркы кездери асыл тукум мал чарбачылыгына өтүп жатат. Өлкөбүзгө кайсы өлкөлөрдөн ветеринардык дары-дармектер кирип жаткандыгын, аларды сертификаттан өткөрүүнүн жол жобосун билүү үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборунун башкы адиси Адылбек Иманалы уулун кепке тарттык.

- Саламатсызбы. Сиздердин борбор кандай иштерди аткарары тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

- Саламатчылык. Биздин борбор ветеринардык дары-дармек каражаттарын каттоо менен иш алып барат. Бизге келип түшкөн ветеринардык дары-дармектер тийиштүү эксперттерге жөнөтүлөт. Андан кийин биздин лабораториядан текшерүүдөн өтүп, сапаты тастыкталат. Лабораториябызда атайын жандыктар бар. Биз аларга эксперимент жүргүзөбүз. Ошонун жыйынтыгы менен каттоо күбөлүгүн беребиз.

- Сиздерден алынган сертификаттын көчүрмөсү милдеттүү түрдө ар бир ветеринардык дарыканаларда болушу зарылбы?

- Сиз туура суроо бердиңиз, сатууга келген ар бир ветеринардык дары-дармектердин сертификаты бардык ветеринардык дарыканада болушу керек. Фермерлерге дары алып жатканда анын сертификатын сураңыздар деп кайрылат элек. Анткени, дарылар аткезчилик жол менен алынып келген болушу мүмкүн.

- Былтыркы жылы канча дарыга сертификат бердиңиздер?

- Өткөн жылы биздин борбор 147 аталыштагы ветеринардык дары-дармектерди каттоодон өткөрдү. Андан сырткары 30 аталыштагы ветеринардык дары-дармектин каттоо документтери токтотулуп, эки тоют кошулмасы техникалык регламенттин талаптарына жооп бербегендиктен артка кайтарылды. 441 аталыштагы дары-дармектер сертификациядан өттү.

- Эгерде, сиздерден каттоодон өтпөгөн дары-дармектер өлкөгө киргизилген учур аныкталса кандай чара көрүлөт?

- Ветеринардык инспекция көзөмөл жүргүзүүчү орган болуп эсептелет. Биз аларга кат менен кайрылабыз, калган иштерди алар жүргүзүшөт.

- Сиздерден сертификат алуунун мөөнөтү канча убакытты түзөт?

- Тийиштүү документтерди топтоп келген соң, биз бир жуманын ичинде ошол дарынын шайкештик сертификатын беребиз.

- Былтыркы жылы Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн ветеринардык дарылар келди?

- Биздин өлкөгө көбүнчө Россия, Кытай, Беларус жана Украинадан көп дары-дармектер келет.